Линктер

жекшемби, 25-июнь, 2017 Бишкек убактысы 20:24

БШК Жыргалбек Саматовго мандат берүүнү чечти


Жыргалбек Саматов

Борбордук шайлоо комиссиясы “Республика Ата Журт” партиясынын талапкерлер тизмесиндеги Жыргалбек Саматовго депутаттык мандат бермей болду. Мындай чечим бүгүн БШК жыйынында кабыл алынганын "Азаттыкка" комиссиянын мүчөсү Рашид Бекбасаров билдирди.

Саматовдун Орусия жарандыгы бар деген негизде Боршайком 27-октябрда аны тизмеден чыгарган. Бирок ал өзү Кыргызстандын жараны экенин билдирип, БШКны сотко берген. 5-ноябрда Жогорку Сот анын талабын канааттандырган.

Саматовдун Жогорку Кеңеш депутаты болуп кабыл алынышына байланыштуу "Республика Ата-Журттан" буга чейин мандат алган Болотбек Ибраимжановдун депутаттык укугу токтотулду. ​ (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG