Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:43

Башар Асаддын өкмөтү АКШ баштаган коалицияны айыптады


Башар Асад
Башар Асад

7-декабрь күнү Сириянын президенти Башар Асад АКШ баштаган коалициялык күчтөр абадан сокку урганы тууралуу билдирүү тараткан. Анын натыйжасында Сириянын өкмөттүк аскерлери жайгашкан аскерий лагерь бомбалоого кабылып, үч жоокер каза таап, он үч жоокер жарадар болгону кабарланган. Бирок АКШ президенти Барак Обаманын өкүлү Бретт Мак-Герк “Ислам мамлекети” тобу менен күрөшүп жаткан коалициялык күчтөр айтылган лагердин элүү беш чакырым айланасында эч кандай абадан сокку уруу болбогонун билдирди. Коалициялык аскер күчтөрүнүн маалымат катчысы, полковник Стив Уоррен дагы Дейр эль-Зур аймагын бомбалоо болду деген маалыматты четке какты. Асаддын өкмөтү 7-декабрда БУУга нааразылык кат жолдоп, АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн төрт учагы анын Дейр эль-Зур шаарындагы аскер лагерин бомбалаганын маалымдаган болчу. Анда Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн чопкутталган аскер техникасы, оор курал-жарагы жана ок-дары сакталган аскердик кампасы жок кылынганы кабарланган. Сириядагы адам укугунун обсерваториясы да ал жакка абадан сокку уруу болгонун ырастады. (KJ)

XS
SM
MD
LG