Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:32

Ереванда референдумдун жыйынтыгына нааразылар каршылык акциясына чыкты


Армениядагы оппозиция лидерлери менен милиция кызматкерлери митингде

Анда президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өтүүнү көздөгөн референдумдун жыйынтыгы бурмаланды деген доомат айтылууда. Армениянын борбордук шайлоо комиссиясы болсо жарандардын 63 пайыздан ашууну конституциялык өзгөртүүнү колдоп добуш бергенин жарыялаган болчу. Оппозиция президент Серж Саркиясн бийликте калыш үчүн өзүнө ыңгайлуу шарт даярдап жатат деген таризде бул референдумдун жыйынтыгына нааразылык билдирип чыкты.

Армениянын улуттук конгресси оппозициялык кыймылы добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялады. Анын лидери Левон Зурабян өкмөт тиешелүү жыйынтыкты камсыздоо үчүн добуштарды сатып алууга жана бир нече курдай добуш берүүгө жол берди деп билдирди. Мына ошондуктан оппозиция референдумдун жыйынтыгы бурмаланды деп эсептеп, аны жокко чыгарууну талап кыларын билдирген болчу. (KJ)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG