Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:32

Президент теолог Кадыр Маликовго акчалай жардам бөлдү


Кол салуудан кийин дарыланып жаткан теолог Кадыр Маликовго президент Алмазбек Атамбаевдин атынан акчалай жардам көрсөтүлдү. 50 миң сомду бүгүн ага өлкөнүн Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров тапшырды.

Жумакадыров Маликовдун абалын сурап, мамлекет ал сыяктуу прогрессивдүү эксперттерди колдоорун айтып, алар экстремизмге жана терроризмге каршы күрөштө мындан ары да көмөктөшөрүнө ишеним билдирди. Ошондой эле ал теолог адиске кол салган кылмышкерлер Түркияда кармалганын, учурда аларды Кыргызстанга алып келүүгө даярдык жүрүп жатканын айтты.

Ислам динине жамынган терроризм Кыргызстанда күчөп баратканын тынбай айтып келген дин таануучу Кадыр Маликов өткөн айда Бишкекте бетинен жана колунан бычак жеп ооруканага түшкөн. Күч кызматтары алдын ала иликтөөнүн натыйжасында кол салгандар өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган уюмдун тарапкерлери экенин айтып чыгып, эки кылмышкер Түркияда, дагы экөө Бишкекте кармалганын айтып чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG