Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Атамбаев: Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча аймакта алдыңкы орунда


Сөз эркиндигинин деңгээли боюнча Кыргызстан Борбор Азия аймагында алдыңкы орунду ээлери талашсыз. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн теле жана радиокызматкерлеринин кесиптик майрамына карата жолдогон куттуктоо катында айтылат.

Мамлекет башчы Кыргызстандын телеканалдары санарипке өткөнү берүүлөрдүн мазмуну да, техникалык сапаты да жакшырганын айтып, бул тармакты мындан ары да өркүндөтүү уланарын билдирди. Ошондой эле ал көрүүчүлөр жалпы лозунгдар жана убадалар эмес, күнүмдүк тиричилигине пайдалуу, прагматикалык багыттагы берүүлөргө көбүрөөк муктаж экенин кошумчалады.

Бүгүн, 8-декабрда Кыргызстандын телерадиоберүү тармагынын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилеп жатышат. 1958-жылы 8-декабрда өлкөдө алгачкы телеберүү эфирге чыккан. 1995-жылы өкмөттүн токтому менен бул күн кесиптик майрам деп белгиленген.

Коомдук телерадиокорпорацияда бүгүн салтанаттуу жыйын өтүп, ага өкмөт башчы Темир Сариев катышты. (RK)

XS
SM
MD
LG