Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:15

АКШ: Сириянын аскердик лагерин орусиялык учактар бомбалаган


Пентагондун өкүлү Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн базасына орусиялык учактар сокку урганын, коалициялык күчтөр аталган шаардан ондогон чакырым алыс турганын билдирди. 6-декабрда Сириянын Дейр-эз Зор шаарындагы бомбалоодон соң, өкмөттүк күчтөрдүн лагери жабыркап, сириялык үч аскер каза болуп, он үчү жараат алган болчу.

7-декабрда расмий Дамаск БУУга нааразылык кат жолдоп, буга АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн катышы бар деп айыптаган. Сириялык тараптын маалыматы боюнча, бул авиа чабуулга төрт аскердик учак катышкан. Ошол эле кезде АКШ бул айыптоону четке кагып, коалициялык күчтөр “Ислам мамлекети” тобу көзөмөлдөгөн мунай кендерине сокку урганын билдирди. Аталган мунай кендери Сириянын өкмөттүк күчтөр жайгашкан лагерден 55 чакырым алыста жайгашканы көрсөтүлгөн.

“Бизде согушкерлер көзөмөлдөгөн ал аймакта сириялык аскерлер дагы турганы боюнча маалымат болбогонун" Пентагон расмий билдирди. Буга чейин америкалык аскер жетекчилиги Орусияны Сирияда башкарылбаган ракета менен бомбаны колдонуп жатат, деп сындап келген. (KJ)

XS
SM
MD
LG