Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Орусиялык аскерлердин өлүмүн текшерүү сунушталды


Орусиялык аскерлер Крымды басып алуу учурунда.
Орусиялык аскерлер Крымды басып алуу учурунда.

Орусия президентинин алдындагы адам укугу боюнча кеңеш аскер прокуратурасы менен тергөө комитетине өткөн эки жылда каза болгон 159 аскердин өлүмүн текшерүүнү сунуштады. Бул сан адам укугу боюнча кеңештин мүчөсү Сергей Кривенко даярдаган изилдөөдө келтирилген. Ошол эле кезде укук коргоочу каза болгон 159 аскердин арасынан жетимиш тогуз фактынын жагдайы гана так аныкталганын белгилеген. Бул тууралуу РБК маалымат таратты.

Кривенконун айтымында, 2014-жылдын экинчи жарымындагы аскерлердин өлүмүнө байланыштуу кырдаал адаттан тыш көрүнөт. Алты ай аралыгында орусиялык армия кеминде 108 жоокерин жоготкон. Сексен пайыз маалыматтарда аскер кызматкерлеринин өлүмүнүн себептери белгисиз.

“Мындай жагдай тынч мезгилдеги көрүнүшкө мүнөздүү эмес”, деп билдирди укук коргоочу. 2014-жылы жайында интернетте Украинанын чыгышындагы орусиялык аскерлердин өлүмү боюнча маалыматтар ачыкка чыккан эле. Бирок Кремль аларды эмгек өргүүсү учурунда сепаратисттер тарабында урушка катышкан ыктыярдуулар деп билдирген. Быйыл май айында президент Путин тынчтык мезгилдеги куралдуу күчтөрдүн өздүк курамындагы жоготууларды жашыруу тууралуу жарлыкка кол койгон болчу.

XS
SM
MD
LG