Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Иракка курал-жарак алып кирүү ондогон жылдардан бери тартипке салынбаганын сындап чыкты. Бул жагдай “Ислам мамлекети” тобунун көмүскө жол менен киргизилген курал-жарак арсеналын өзүнүн карамагына топтоп алуусуна шарт түзгөнү уюмдун баяндамасында мисалдар менен ырасталган.
Amnesty International уюму 8-декабрда жарыялаган баяндамада согушкерлер курал-жарактарды Иракта жана Сирияда ири масштабдагы кылмыштарды жасоого пайдаланып жатканы көрсөтүлгөн. Анда согушкерлер курал-жарак, ок-дары жана аскер техникасынын көпчүлүгүн Ирактын армиясынан тартып алганы тиешелүү фактылар менен баяндалган.
Ирактагы курал-жарактар арсеналына өкмөттүк көзөмөл болбогондуктан учурунда согушкерлер аларды аскер базаларынан оңой эле алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк алганы айтылды. Мына ошондуктан Amnesty International уюму Орусия, АКШ, Кытай жана Евробиримдик баштаган мамлекеттерге Сирия менен Ирактын өкмөтүнө жана андагы ар кайсы оппозициялык топторго курал-жарак сатууга толук эмбарго киргизүүнү талап кылары көрсөтүлгөн. (KJ)