АКШда Республика партиясынан президенттикке талапкерлердин бири Дональд Трамп “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчиликти алган Калифорниядагы террордук актыга байланыштуу өлкөгө мусулмандардын кирүүсүнө тыйуу салууну сунуштады.
Трамптын айтымында, бул тыйуу америка бийлиги аталган жагдайды толук иликтеп чыкмайынча алынбоого тийиш. Трамптын мындай билдирүүсү Ак үйдүн жана АКШнын президенттигине көрсөтүлүп жаткан башка талапкерлердин сынына кабылды.
Ак үйдүн өкүлдөрү Трамптын айтканын АКШнын баалуулуктарына каршы келген билдирүү катары баалап, аны талапкердин шайлоо алдындагы колдоо издөө аракети катары мүнөздөшкөн. Республикачылардан башка бир талапкер Джефф Буш Трампты өзүн кармай албаган адам деп атады. Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтон Трамптын сунушун чырлуу, коопсуздукка коркунуч келтирчү жана жек көрүүчүлүктү ичине камтыган уяттуу көрүнүш катары мүнөздөдү. (KJ)