Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

Түркия Ирактан аскерин чыгарбайт


Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Анкара Түндүк Ирактан аскерлерин чыгарбай турганын билдирди. Бул тууралуу 8-декабрда Мевлют Чавушоглу түрк аскерлерин чыгарып кетүү талабы боюнча коюлган мөөнөт өткөндөн бир нече сааттан кийин Ирактын тышкы иштер министри Ибрагим аль-Джафари менен телефондук сүйлөшүүсүндө ырастаган.

Ирактын өкмөт башчысы аль Хадер Абади түрк аскерлери уруксаты жок киргизилгенин айтып, эгерде 7-декабрдын кечинен калбай талап аткарылбаса, Багдад БУУнун коопсуздук кеңешине даттана турганын эскерткен. Мевлют Чавушоглу Мосул шаарына жакын жердеги түрк аскер бөлүгү ал жакка мурда жайгаштырылган аскерлерди алмаштыруу үчүн жиберилгенин кошумчалады.

Мурда ал жакка ирактык күрттөрдү машыктыруу үчүн түрк аскерлери жайында жайгаштырылганын Анкара ырастаган. (KJ)

XS
SM
MD
LG