Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:40

Кыргызстан менен Тажикстанда балдар үчүн бирдиктүү долбоор жүрүүдө


ЮНИСЕФтин балдарды коргоо жана билим берүү программасынын алкагында Кыргызстан менен Тажикстанда кенже курактагы балдарга билим берүү жаатында атайын долбоор иштеп жатат. Программанын координатору Асылбек Күңгүров “Азаттыкка” билдиргендей, ушул тапта долбоор Кыргызстандын Баткен жана Лейлек, Тажикстандын Исфара жана Бабажан Гафуров райондорунда ишке ашырылууда. Программа негизинде Кыргызстанда 11 жамааттык бала бакча ачылды. Ушундай эле бала бакчалар Тажикстандагы 20 мектептин базасында уюштурулду.

-Бүгүнкү күндө эки өлкөдөгү мектепке чейинки билим берүү системасын салыштырып көрсөк Кыргызстанда абал дурус. Тажикстанда 13% бала бакчага барат. Кыргызстанда бул сан 23%- дейт Күңгүров.

9-11-декабрь күндөрү Ош шаарында эки мамлекеттин тийиштүү адистери чогулуп, ушул маселени талкуулашат жана бирдиктүү сунуштарды иштеп чыгышат. (SE)

XS
SM
MD
LG