Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:52

Түркия Орусиянын санкцияларына жооп кайтарышы мүмкүн


Түркиянын бийлиги зарылдыкка жараша Орусияга каршы санкцияларды киргизүүнү талкуулады. Бул тууралуу айткан Түркиянын өкмөт башчысы Ахмет Давутоглы ошол эле кезде расмий Анкара Москва менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн дайыма ачык экенин кошумчалады. Давутоглы бул тууралуу өлкөдөгү башкаруучу партия – Адилетүүлүк жана өнүгүү пратиясынын депутаттары менен жолугушууда билдирди.

Буга чейин Орусия түрк аскер-аба күчтөрү орусиялык учакты атып түшүргөндөн кийин Түркияга карата бир катар санкцияларды киргизген. Түркия учак анын аба мейкиндигин бузганын көргөзүп, ага карата мыйзамдуу чара колдонулганын билдирген. Шейшемби күнү түрк президентинин уулу Билал Орусиянын алардын үй-бүлөсү Сириядагы согушкерлер көзөмөлдөгөн аймактан аткезчилик менен келген мунайды сатуу менен алектенет деген айыптоосун четке какты. (KJ)

XS
SM
MD
LG