Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Бишкекте бодибилдинг жана фитнес боюнча мелдеш өттү


Эмил Надырбаев
Эмил Надырбаев

Бишкекте 8-декабрда бодибилдинг жана фитнес боюнча Кыргызстандын ачык чемпиондугу жана Борбор Азиянын биринчи чемпиондугу өттү. Спорттун бул түрүнөн улуттук федерациянын президенти Тимур Жаныгуловдун билдиришинче, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Монголиядан 50дөн ашуун кыз-келиндер жана эркектер катышты. Спортчуларга байгелер 10 категорияда ыйгарылды.

Чоңдор арасында 90 килограмм салмактан жогорку жана абсолюттук салмакта кыргызстандык Эмил Надырбаев жеңишке жетти. Жеңүүчүлөргө байгелерди мелдешке ардактуу конок катары чакырылган бодибилдингдин дүйнөлүк жылдызы, америкалык Кевин Леврон тапшырды. (ECh)

XS
SM
MD
LG