Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Коррупцияга байланышкан кылмыштар саны былтыркыдан өстү


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Коррупцияга каршы кызмат жыл башынан бери жемкорлук боюнча 334 кылмыш ишин козгоду. Анын 105и сотко жөнөтүлдү. Өткөн жылы бул мезгилде 306 кылмыш иши катталган эле.

Атайын кызматтан кабарлашкандай, коррупция боюнча иштердин сап башында күч түзүмдөрү турат. Бул тармакта иштегендердин үстүнөн 73 кылмыш иши ачылган. Былтыр 59 болчу.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары боюнча 61 кылмыш катталды, өткөн жылы 53 болгон. Андан сырткары, энергетика, салык, каттоо кызматындагыларга ачылган кылмыш иштери да былтыркыдан көбөйгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG