Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:33

Бакиров: Жайыттан түшкөн акчанын пайдасын көрбөй жатышат


Бүгүн Жогорку Кеңеште “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жайыттар жөнүндө” мыйзамдарды өзгөртүү сунушу талкууланды. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы Мирлан Бакировдун айтымында, мыйзам долбоору жайыттарды деградациядан сактоого арналган:

- Бүгүнкү күндө 9 миллиондон ашуун гектар жерибиздин 50% ашууну деградация болуп кетти. Айрыкча Жалал-Абад, Ош облустарында. Жайыттан түшкөн каражатты пайдалануучулар да, жергиликтүү бийлик да көрбөй жатат. Аны текшерүүгө Эсеп палатасынын акысы жок.

Долбоордо жайыт пайдалануудан түшкөн каражатты казына аркылуу чыгымдоо максатында анын үчтөн бирин жергиликтүү бюджетке калтыруу каралган.

Талкууда жайыттарды жакшыртууга каражат каралганы менен алгылыктуу иш жүргүзүлбөй жатканы, мыйзам долбоорундагы айрым так эместиктер белгиленип, аны 2-окууда кайтаруу сунушталды. (RK)

XS
SM
MD
LG