Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

ИИМ “Коопсуз шаар” долбоорунун бет ачарын жасайт


Бишкек шаары
Бишкек шаары

Ички иштер министрлиги “Коопсуз шаар” долбоорунун бет ачарын 10-декабрга белгилеген. Ага өлкөнүн күч органдары, Европа коопсуздук келишими уюмунун өкүлдөрү жана башка коомдук уюмдардын мүчөлөрү чакырылган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Премьер-министр Темир Сариев өткөн айда долбоордун создугушун сындап, аны тезирээк ишке ашыруу зарылдыгын белгилеген. Өкмөттүн планы боюнча тапшырма июль айында аткарылышы керек болчу.

"Коопсуз шаар" долбоору коңшу өлкөлөрдө бир нече жылдан бери ишке ашып, натыйжасы дурус экени айтылып келет. Кыргызстанда болсо шаардыктардын коопсуз жашоосун камсыздоо үчүн Бишкек, Ош калааларын түнкүсүн күндүзгүдөй жарыктандырып, видеокөзөмөлдү толук орнотуп беребиз деген өкмөттүн убадасы төрт жылга жакын убакыттан бери ишке ашпай турат. (SE)

XS
SM
MD
LG