Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

Бишкекте “Айтматов окуулары-2015” конференциясы өтөт


Бишкекте “Айтматов окуулары-2015” эл аралык илимий-практикалык конференциясы өтөт. 11-декабрда башталып, эки күн улана турган бул иш-чараны Улуттук илимдер академиясы уюштуруп жатат. Ага Кытай, Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Жапония жана Орусиядан окумуштуулар катышат. Бул тууралуу Илимдер академиясынан кабарлашты.

Илимий жыйында Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык феномени: тексттер жана контексттер, Жусуп Баласагындын доору, түрк элдеринин көөнөргүс тарыхый-этнографиялык мурастары тууралуу баяндар жасалат. Ошондой эле Айтматов доорунун философиялык, этикалык жана социалдык проблемалары, анын чыгармачылыгынын экранда, сахнада, сүрөт өнөрүндө чагылдырылышы, чет өлкөлөрдө изилдөө, которуу, басып чыгаруу боюнча да сөз болот.

Конференцияны Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту уюштурууда. (ZA)

XS
SM
MD
LG