Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

Кыргызстан Ооганстанды өнүктүрүү долбоорлоруна активдүү катышат


Кыргызстан Ооганстандын экономикалык өнүгүүсү үчүн аймактык кызматташтыкты жакшыртуу багытында иш жүргүзүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын Ооганстандагы атайын өкүлүнүн орун басары Тадамичи Ямамото менен жолугушууда айтты.

Ямамото Ооганстандагы аскердик-саясий абал тууралуу маалымат берип, бул өлкөдө туруктуулукту камсыз кылуу үчүн эл аралык коомчулук жасап жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат берди.

Кемелова Ооганстан боюнча коопсуздук, мамлекеттик башкаруу, экономикалык өнүгүү жана аймактык кызматташтык демилгелерин колдоорун, өлкөнү арзан электр энергиясы менен камсыз кылуучу CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга активдүү катышып жатканын айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG