Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:30

Парламент акыйкатчы кызматына талапкерлерди угууда


Ушу тапта Жогорку Кеңеште депутаттар акыйкатчы кызматына талапкерлердин программасын угуп жатышат. "Ата-Мекен" фракциясынан 3 жана калган фракциялардан ар биринен бирден, жалпысынан 8 талапкер көрсөтүлүүдө. Үчөө аял, бешөө эркек.

Ар бир талапкерге сөз берилгенден кийин добуш берүү болот. Бул жараян эки тур менен өтөт.

Талапкерлердин арасынан мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунду, Гүлгакы Мамасалиеваны жана Бакыт Рысбековду“Ата Мекен” фракциясы сунуштаган. КСДП азыркы омбудсмендин милдетин аткаруучу Гүлнара Жамгырчиеваны, “Республика Ата-Журт” Атыр Абдырахматованы, “Кыргызстан” фракциясы Канатбек Тургунбековду, “Бир Бол” Нурланбек Жээналиевди жана “Өнүгүү-Прогресс” Мурат Жетимишбаевди көрсөтүшкөн.

Кыргызстанда “Омбудсмен жөнүндө" мыйзам 2002-жылы кабыл алынган. Ошол жылы шайлоо өтүп, 13-декабрда Турсунбай Бакир уулу акыйкатчы кызматына киришкен. Андан соң Турсунбек Акун, Бакыт Аманбаев омбудсмен болушкан. 2015-жылдын июнь айынан тарта Гүлнара Жамгырчиева акыйкатчынын милдетин аткарып келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG