Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

Жогорку Кеӊеш 120 жардамчынын ордун кыскартып, KG номурдан баш тартты


Бүгүн Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйынында кыргыз парламентинин түзүмү менен чыгымдарын оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан токтом кабыл алынды. Ага ылайык, депутаттардын 120 жардамчысынын штат бирдиги кыскарды жана парламентти тейлеген автомашиналардын KG номурунан баш тартылды.

"Биз убада кылгандай депутаттардын бирден жардамчысын кыскартууга жетиштик» деп билдирди Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков.

Бүгүнкү токтомдун негизинде 120 штаттык бирдик кыскартылды, анын 45и фракциялардын катчылыктарында иш алып барат.

Жогорку Кеңештин өткөн 5-чакырылышындагы депутаттарын бирден жардамчы жана бирден консультант тейлечү.​

Токтомго каттоодон өткөн 114 депутаттын 68и "макул", ал эми 33ү "каршы" деп добуш берди. (RK)

XS
SM
MD
LG