Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

Акыйкатчыны шайлоодо экинчи турга Мамасалиева жана Абдрахматова өттү


Жогорку Кеңеш бүгүн акыйкатчыны шайлап, 7 талапкердин ичинер экөөнү экинчи турга алып чыкты. Алар: баарынан эң көп 28 добуш алган Гүлгакы Мамасалиева ("Ата Мекен" фракциясы көрсөткөн) жана 23 добуш тийген Атыр Абдрахматова ("Республика Ата-Журт" фракциясы сунуштаган).

Акыйкатчынын орду экс-омбудсмен Бакыт Аманбаев парламенттин чечими менен иштен четтетилгенден кийин бошогон. Анын кетишине отчету Жогорку Кеңештен өтпөй калышы себеп болгон.

Бүгүнкү добуш берүүгө "Ата Мекен" фракциясынан 3, калган фракциялардан бирден талапкер, жалпысынан 8 адам көрсөтүлгөн. Кийин "Өнүгүү-Прогресс" сунуштаган Мурат Жетимишбаев өз талапкерлигин алып салган.

Ушу тапта экинчи турдун добуш берүүсү өтүп жатат.

"Ата Мекенден" Турсунбек Акун 14, КСДПдан Гүлнара Жамгырчиева 17, “Кыргызстандан” Канатбек Тургунбеков 21, “Бир Болдон” Нурланбек Жээналиев 10 добуш алышты.

Добуш берүүгө 113 депутат катышты. (RK)

XS
SM
MD
LG