Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:48

Швейцарияда коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Полиция өлкө аймагында Париждеги 13-ноябрдагы террордук чабуулдарга аралашканы шектелген бир канча адамды издеп жатат. Женеванын коопсуздук департаменти полиция көзөмөлү күчөтүлгөнүн билдирди. БУУнун Европадагы штаб-квартирасын кайтаруу да күчөтүлгөнү кабарланууда. Ал жердеги кароолчулардын бири Reuters агенттигине ушул шаарда жашырынганы болжолдонгон төрт адам изделип жатканын айткан. 

13-ноябрда Париждеги жардыруулардан 130 киши мерт кеткен. Ал үчүн өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган террордук топ жоопкерчилик алган. 

 

XS
SM
MD
LG