Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Жогорку Кеңеште акыйкатчы шайланбай калды


Жогорку Кеңеште омбудсмендикке талапкерлигин койгондор арасынан көпчүлүк добуш менен үчүнчү турга өткөн Атыр Абдырахматовага депутаттардын 69у "каршы", 46сы "макул" деп добуш берди. Акыйкатчынын кызмат ордуна шайлоонун жүрүшүндө бир дагы талапкер жетиштүү добуш топтой албагандыгына байланыштуу акыйкатчы шайланган жок.

Акыйкатчы кызматына фракциялардан 8 талапкер сунушталып, биринчи турдан Атыр Абдрахматова менен Гүлгакы Мамасалиева экинчи айлампага өткөн болчу. Жыйынтыгында салыштырмалуу көбүрөөк добуш алган Абдырахматова үчүнчү турга өткөн.

Эми акыйкатчыны шайлоо качан болору белгисиз.

Акыйкатчынын орду быйыл жайында экс-омбудсмен Бакыт Аманбаев парламенттин чечими менен иштен четтетилгенден кийин бошогон. Анын кетишине отчету Жогорку Кеңештен өтпөй калышы себеп болгон.

Талапкерлердин арасынан мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунду, Гүлгакы Мамасалиеваны жана Бакыт Рысбековду“Ата Мекен” фракциясы сунуштаган. КСДП азыркы омбудсмендин милдетин аткаруучу Гүлнара Жамгырчиеваны, “Республика-Ата-Журт” Атыр Абдырахматованы, “Кыргызстан” фракциясы Канатбек Тургунбековду, “Бир Бол” Нурланбек Жээналиевди, “Өнүгүү-Прогресс” Мурат Жетимишбаевдин талапкерлигин көрсөтүшкөн. (SE\MTo)

XS
SM
MD
LG