Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

Омбудсмендин орду оюнга айландыбы?


Жогорку Кеңештеги шайлоо
Жогорку Кеңештеги шайлоо

Парламент акыйкатчылыкка көрсөтүлгөн сегиз талапкердин бирин да шайлабай койду. Экинчи турга өткөн Гүлгакы Мамасалиева менен Атыр Абдрахматовага көпчүлүк депутаттар каршы добуш берди. Абдрахматова үчүнчү турга өтүп, бирок шайлана алган жок.

Көпчүлүк добуш менен экинчи турга «Ата Мекен” фракциясы көрсөткөн Гүлгакы Мамасалиева менен “Республика - Ата Журттан” талапкер Атыр Абдрахматова чыгышты. Натыйжада 34 добуш алган Абдрахматова үчүнчү турга өтүп, бирок шайлана алган жок. Бул фракция лидерлери ортосунда кайым айтышууну жаратып, акыйкатчыны шайлоодогу көмүскө оюндар билинип калды. "Азаттык" фракция өкүлдөрүнө микрофон сунуп, алардын пикирлерин сурады.

Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекен” фракциясынын лидери:

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Мурункуга караганда бул жолу аялдар, салыштырмалуу жаш адистер, укук коргоо тармагында тажрыйбасы барлар экинчи, үчүнчү турга өтүштү. Бул абдан жакшы көрүнүш. Мына азыр үчүнчү турда оппозициядан талапкер Атыр Абдрахматовага добуш берүү болуп жатат. Мен аны колдошубуз керек деп ойлойм. Анткени эки жылдан бери Омбудсмен институту кризисте. Акыркы бир жылдан бери акыйкатчыны шайлай албай келатабыз. Эки жолу сынак жарыяладык. Бүгүн дагы тигил же бул фракциядан менин талапкерим өттү-өтпөдү деп жеке кызыкчылыкка алдырбастан, омбудсменди шайлап кетишибиз керек. Бул тигил же бул жумушсуз адамга орун таап берүүчү вариант эмес. Бул бүтүндөй бир институт. Керек болсо бүтүндөй бир мамлекеттик бюрократияга альтернатива болуп, мыйзамдын аткарылышына альтернативалык баа бере турган түзүм. Ошондуктан бул жерде чечим олуттуу болуш керек.

Биздин талапкер экинчи турга биринчи болуп өттү. Коалиция ким экинчи турга чыкса колдойбуз деген шерттешкен антыбыз болгон. Тилекке каршы, шайлоонун жыйынтыгында эки фракция бардык талапкерлерге каршы добуш беришти. Бул жерде жеке кызыкчылык, таарыныч менен коалициянын ынтымагы жок экендиги көрүндү. Бирок эми коалициянын ынтымагы жок экен деп оппозицияга да нааразы болуп, бүтүндөй бир институтту башчысы жок калтырганыбыз болбойт. Талапкерлигин койгон адамдардын бардыгы татыктуу. Кимиси көпчүлүк добуш алса, ал татыктуу иштеп кетет деп ишенем. Эки жылдан бери обмудсмен издеп жатабыз. Эки жолу сынак жарыяладык. Келе турган адамдар келип бүттү. Бүгүн акыркы чечимди кабыл алышыбыз керек. Биздин фракция акыйкатчы шайлансын деп добуш берет, башкасын айталбайм.

Өмүрбек Бабанов, “Республика - Ата Журт” фракциясынын лидери:

Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

Мен өзгөчө ачык позициясын айтканы үчүн Өмүрбек Чиркешовичке ыраазычылык билдирем. Ошондой эле Чыныбай Акуновичке кайрылам. Урматтуу Чыныбай Акунович, сиз бирөөгө эрегишип партиялаштарыңызга добуш бербе деп туруп, мына акыйкатчы шайланбай калды. Бүгүн Адам укуктарынын күнүндө акыйкатчы шайланбай калды. Шайланса алты айдан кийин отчетун укмаксыңар. Татыктуу иштебесе ал өзү деле кетип калмак.

Канатбек Исаев, «Кыргызстан» фракциясынын лидери:

Канатбек Исаев
Канатбек Исаев

​Ар бир депутаттын жеке көз карашы бар. Ар бир фракция бирден эмес, алды үчтөн талапкер чыгарды. Жашыруун добуш берүүдө ар бир депутат өз алдынча чечимин кабыл алды. Биздин фракция эркин добуш берүү чечимин кабыл алдык. Көп депутаттардын каршы чыкканына караганда бул талапкерлер баарын канааттандырбаса керек. Үчүнчү турга чыккан талапкерлердин жактоочулары депутаттардын арасында жакшы иш жүргүзсө өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Анткени ал эки талапкерди көбүбүз тааныбайбыз, жыйында болсо өзүн тааныштырууга беш мүнөт убакыт берилди. Анан, албетте, алардын жактоочулары биз эмне үчүн тигил же бул талапкерге добуш бере турганыбызды түшүндүрүп бериши керек эле.

Чолпон Жакупова, “Бир Бол” фракциясынын мүчөсү:

Чолпон Жакупова
Чолпон Жакупова

Бүгүнкү шайлоону “Азаттыктын” сайты аркылуу түз эфирде Кыргызстан эле эмес, эл аралык коомчулук көрө алды. Парламент акыйкатчыны шайлоодо өзүн кайсы жагынан көрсөттү? Башкарылма экенин ачык көрсөттү. Өзүңөр көрүп атпадыңарбы. Биринчи турда КСДПнын талапкери бир да суроого татыктуу жооп бербеди. Ошондуктан депутаттар аны шайлаган жок, экинчи турга өтпөдү. Ошондон кийин социал-демократтар сүйлөшүп, анда эч ким өтпөсүн деген чечимге келишти. Алар ачык эле ары-бери басып, айтып атышпадыбы. Экинчи турга экөө чыккан экөө тең татыктуу айымдар болчу. А үчүнчү турга өткөн Атыр Абдрахматова бардык тараптан татыктуу талапкер эле. Ушунчалык өкүнүп жатам. Себеби, адам, адам укуктары жөнүндө эч ким ойлогон да жок. Өз кызыкчылыктарын биринчи орунга коюшту. Себеби, бирөө келип, мына мындай добуш бересиң десе ошого добуш берип атышпайбы. Өз позициясын, укугун, өзүн сыйлабаса башка адамды, анын укугун сыйлашабы? Парламент ар намыстуу адамдары менен гана күчтүү боло алат. Депутат деген кресло эмес, депутат деген жоопкерчилик, намыс. Алар ушуну түшүнүшү керек. Булар жарандык коомдун өкүлдөрүнөн коркуп жатышат. Алар дагы бир күнкарама институтка ээ болгулары келип турат. Эмкиде көз каранды бирөө келет деп ойлойм. Уят эле болдук, уят эле. Жөн эле оюн болду бүгүнкү күн.

Чыныбай Турсунбеков, КСДП фракциясынын лидери:

Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

Бул жерде жашыруун өтүп жаткан соң ар бир депутат өзү билет. Экинчи турдун жыйынтыгында 55 депутат каршы добуш бергени - жаңы талапкерлерди тандайбыз дегенди билдирет. Таң кала турган деле эч нерсе жок. Эми кийинки жолу жаңы талапкерлерден тандайбыз деп турабыз. Бул шайлоодо КСДПнын ичи деле тызылдаган жок, бизде 38 мандат болсо каршы чыккандардын саны 55ке жетти. Жаңы шайлоо «Акыйкатчы жөнүндө мыйзамга» ылайык өтөт деп ойлойм.

10-декабрь Адам укугун коргоо күнүндө кыргыз парламенти башкы укук коргоочусун шайлай албай түнкү 10до тарады. Эми акыйкатчылыкка жаңы шайлоо 14 күндөн кийин, 30 күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт. Ага чейин бул милдетти КСДП партиясынын мүчөсү Гүлнара Жамгырчиева аткарат.

XS
SM
MD
LG