Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Өзбек бийлиги Түркияда жүргөн жарандарды артка кайтарууда


Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы менен милициясы Түркияга кетип, ал жакта көптөн бери жашап, иштеп жүргөн жарандарды Мекенине кайтаруу аракетин көрүүдө. Аларга айыл-шаарлардагы комитет башчылар көмөктөшүп жатканын “Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Түркияга кеткендердин жакындары каттоого алынып, ар бири күч органдарына сурак берүүдө.

Бул кадам Түркия аркылуу Сирия же Ирак сыяктуу согуш тутанган жерлерге кетип жаткандарды азайтуу ыкмасы деп түшүндүрүлүүдө.

Ушул күндөрү Өзбекстандын бүт аймагында антитеррордук аракеттер күчөтүлүп, текшерүүлөр көбөйгөн. Бул өлкөдөн “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулгандардын саны 500дөн 1000ге чейин деп айтылат. (SE)

XS
SM
MD
LG