Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

АКШда мусулмандар уюму чукул эвакуацияланды


Вашингтондогу ири мусулман уюмунун кеңсесинен шектүү кат табылган соң ал жердегилерди шашылыш чыгарышты. Америкадагы ислам Кеңешинин адвокаты Маха Сайёд кабарлагандай, 10-декабрь күнү уюмдун кеңсесине жөнөтүлгөн конвертте ак күкүм менен кошо “Мусулмандар, кыйналып өлгүлө!” деген жазуу болгон. Кеңештин директору Нихад Авад конвертти ачкандан соң бир кызматкер жөтөлө баштаган, дагы бирөө башы ооруганын айткан.

Экспертиза жыйынтыгында ак күкүм зыянсыз болуп чыкты.

Серепчилер муну жакында Калифорния штатында болгон окуя менен байланыштырып жатышат. Штаттын Сан-Бернардино шаарында мусулман жубайлардын кол салуусунун 14 киши мерт кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG