Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Бишкекте милиционердин өлүмүнө шектүү эки адам жок кылынды


Бишкекте экстремисттик топтун мүчөлөрү жок кылынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" жеке булактардан белгилүү болду.

Маалыматка караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин "Альфа" бөлүмүнүн атайын операциясы учурунда өткөн түнү борбор калаада эки кылмышкер атып өлтүрүлдү. Аларды күч түзүмдөрү Октябрь райондук милициясынын кызматкеринин өлүмүнө шектүү катары кармаганы жаткан.

"Жайшул Махди" экстремисттик тобунун мүчөсү деп шектелген бул адамдар Бишкектин Төкөлдөш деген аталыштагы бөлүгүнөн табылган. (AKu)

XS
SM
MD
LG