Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

УКМК: Жок кылынган кылмышкерлер Бишкекте жана Чүйдө теракт уюштурмак


Кылмышка шектүүлөрдүн жанынан табылган буюмдар
Кылмышка шектүүлөрдүн жанынан табылган буюмдар

11-декабрга караган түнү Бишкекте жок кылынган кылмышкерлер Чүйдө жана борбор калаанын аймагында террордук чабуул уюштурганы жаткан. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Маалыматка караганда, өткөн түнү Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда контртеррористтик операция жүргүзүлүп, эл аралык террордук уюмдун мүчөсү деген кылмыштуу топ курчоого алынган. Кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн алар жок кылынды дейт УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов:

- Өлтүрүлгөн эки жаран бир катар кылмыштарга, анын ичинде Бишкектин 8-кичи районунда участкалык милиционердин өлүмүнө тиешеси бар экени айтылууда.

Ошондой эле алар быйыл жайында Бишкекте жок кылынган "Тоха" деген каймана ат менен белгилүү кылмышкердин тобу менен тыгыз байланышта болгону аныкталды.

Түндөгү операция учурунда бир күч кызматкерине ок тийди, азыр анын абалы жакшы.

Операция өткөн аймакта жай тургундар арасында жабыркагандар болгон жок.

Жок кылынган топтун жанынан төрт Макаров тапанчасы (огу менен), Ф-1 гранаталары, колго жасалган жардыргыч, чөнтөк телефондор жана беткаптар табылды. (RK)

XS
SM
MD
LG