Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:03

ИИМ атайын операцияда өлтүрүлгөндөр боюнча маалымат берди


Бишкекте өткөн түнү атайын операция учурунда өлтүрүлгөн эки жаран мурда соттолгон. Алар тыюу салынган "Жайшул Махди" уюмунун мүчөлөрү болчу жана 8-кичи райондо участкалык милиционердин өлүмүнө тиешеси бар адамдар катары издөөдө жүргөн. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, алардын бири Нарын шаарында туулган 34 жаштагы жаран мурда каракчылык, курал жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз алып жүргөнү үчүн соттологон. Ал эми экинчиси 2013-жылы диний кастыкты козутууга багытталган ишмердүүлүгү үчүн үч жылга соттолгон.

Быйыл 19-ноябрда Бишкектин 8-кичи районунда Октябрь райондук милициясынын кызматкери Актилек Абдувалиевге ок атылган. Ал ошол жерден набыт кеткен.

Бул кылмышка шектүү эки жаран тең 11-декабрга караган түнү Улуттук коопсуздук комитетинин атайын операциясы учурунда Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда жок кылынды. Атайын кызматтын маалыматына караганда, алар Бишкекте жана Чүйдө террордук чабуулдарды пландап жаткан. (RK)

XS
SM
MD
LG