Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

ИИМ: Жок кылынган террорчулар издөөдө жүргөн


УКМК тарабынан кечээ түнү жок кылынган эки террорчу 19-ноябрда участкалык милиция кызматкери Актилек Абдивалиевди өлтүргөндөр болуп чыкты. Ички иштер министринин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун "Азаттыкка" билдиришине буга чейин эки кылмышкердин фотороботу жарыяланып, мурда соттолгон адамдар экени маалым болгон.

Сейитов издөөдөгү кылмышкерлер "Жайшүл-Махди" экстремисттик кыймылынын мүчөлөрү экени аныкталганын айтып, УКМКнын антитеррористтик операциясынын жүрүшүндө жок кылынганы такталганын маалымдады.

- Бизде маалыматтар бар болчу, булардын бири Баткенден, бири Нарындан. Учурда кошумча тергөө иштери жүрүп жатат. Жашаган жери жана алардын туугандарынан кошумча маалымат алып жатабыз. Булардын бир нече аялдары бар экен. Алардын үйүнөн учурда кошумча адабият китептер, башка далил заттар алынып жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин "Альфа" бөлүмүнүн атайын операциясы 11-декабрга караган түнү Бишкектин "Чыгыш-5" кичи районунда жүргөн. Анда эл аралык террордук уюмдун мүчөсү деген кылмыштуу топ курчоого алынгып, эки адам куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн жок кылынды. (SDz)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG