Линктер

бейшемби, 19-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:57

Президент Түркмөнстан, Кувейт жана Катарга барат


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүнтөн тарта 15-декабрга чейин Түркмөнстан, Кувейт жана Катар мамлекеттеринде сапарда болот. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ашхабадда президент Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугуп, «Бейтараптык саясаты: Эл аралык коомчулук тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн» эл аралык конференциясынын ачылыш салтанатына катышат.

Түркмөнстандын борборунда ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин Грузия президенти Георгий Маргвелашвили менен жолугушуусу өтөт.

12-14-декабрда президент Кувейтте болуп, бул өлкөнүн жетекчилери менен жолугат жана кыргыз-кувейт инвестициялык форумунун биринчи жыйынына катышат. Сапар жыйынтыгы боюнча соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланышты бекемдөөгө багытталган эки тараптуу келишимдерге кол коюлат.

14-15-декабрда Алмазбек Атамбаев Катарда бул өлкөнүн эмири Тамим бин Хамад Ал Тани менен сүйлөшүү жүргүзүп, Кыргызстанга инвестиция тартуу, экономикалык жана маданий байланыштарды бекемдөө жолдорун талкуулайт. (RK)

XS
SM
MD
LG