Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

Эрдоган: Түндүк Ирактагы аскерлер азыр чыгарылбайт


Режеп Тайып Эрдоган Ирактагы күрт автономиясынын жетекчиси Масуд Барзани менен, 9-декабрь, 2015
Режеп Тайып Эрдоган Ирактагы күрт автономиясынын жетекчиси Масуд Барзани менен, 9-декабрь, 2015

Түркиянын президенти Режеп Таип Эрдоган анын өлкөсү Ирактын түндүгүнөн аскерлерин чыгарбайт, деп билдирди. “Азырынча контингенттин чегинүүсү тууралуу сөз да жок”, - деди президент бейшемби күнү.

Анын алдында АКШ вице-президенти Жо Байден Анкара менен Багдаддын ортосундагы чыңалууну басаңдатуу максатында түрк өкмөт башчысы Ахмет Давутоглу менен телефондон сүйлөшкөн.

Жетекчилер Ирактагы азыркы кырдаалды талкуулап, өлкөнүн өз алдынчалыгын урматтоо жана “Ислам мамлекетинин” радикалдарына каршы аракеттерди координациялоо менен бирге ортодогу пикир келишпестиктерди жоюу зарылдыгын белгилешти, - делинет Ак үйдүн билдирүүсүндө.

Түркия 2014-жылдан бери кошуна мамлекеттин Мосул шаарында машыктыруу программасы боюнча жоокерлерин кармап келатат. Багдад өкмөтү менен макулдашылган ал миссия өткөн аптада кеңейтилгенден кийин Ирак нааразылыгын билдирип, аскерлерди чыгарууну талап кылган.

Эрдоган ал жердеги аскерлер салгылашууларга катышпаган күчтөр экенине басым жасап, маселени талкуулаш үчүн 21-декабрда Түркия, АКШ жана Ирактын күрт автономиялуу аймагынын өкүлдөрү ортосунда үч тараптуу жолугушуу өткөрүлүшү мүмкүн экендигин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG