Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Грузия орусиялык тик учак аба мейкиндигин бузганын билдирди


Грузиянын Орусия тартып алган чек арасы, Диди Хурвалети кыштагы, 1-апрель, 2014-жыл.
Грузиянын Орусия тартып алган чек арасы, Диди Хурвалети кыштагы, 1-апрель, 2014-жыл.

Грузия бийлиги Орусиянын аскердик тик учагы өлкөнүн аба мейкиндигин бузганын ырастады. Коргоо министрлигинин 10-декабрдагы маалыматына караганда, алдыңкы күнү Ми-8 Грузиянын жикчил Түштүк Осетия жумуриятынын жанындагы “оккупациялык тилкени” кесип өтүп, бир нече мүнөттөн кийин артка учуп кеткен.

Министрлик бул окуяны “аймактагы туруктуулукка жана коопсуздукка коркунуч жараткан чагымчылык” деп атады. Орусиянын коргоо мекемеси маалыматты төгүндөп, соңку 24 саатта орусиялык согуштук тик учактар Грузия менен чек арага жакын жерлерде учушпаганын билдирди.

Грузия “оккупациялык тилке” деп атаган аймак - Түштүк Осетия жана дагы бир жикчил жумурият Абхазия менен ички административдик чек арасы. Орусия 2008-жылы Грузия менен беш күндүк согуштан кийин эки жикчил чөлкөмдүн көз карандысыздыгын таанып, ошондон бери ал жерде аскерлерин кармап келатат.

XS
SM
MD
LG