Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

Сариев: Туристтердин агылып келүүсүн күтүп жатабыз


Бүгүн премьер-министр Темир Сариев Ысык-Көл облусунда иш сапарда жүрөт. Алгач ал Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылында орто мектептин ачылыш салтанатына катышты. Бул облус боюнча быйыл жаңы ачылып жаткан төртүнчү мектеп. Жыл соңуна дейре республика боюнча жалпысынан 71 билим берүү мекемеси курулуп бүткөрүлөт.

Өкмөт башчы белгилегендей, эртең Каракол шаарында кышкы туристтик сезондун расмий ачылыш аземи орун алат.

“Биз чет элдик туристтердин агылып келүүсүн күтүүдөбүз. Көпчүлүк туристтер биздин өлкөгө кызыгын артууда, аларды өлкөгө тартуу максатында өзүбүздүн меймандостугубузду жана тейлөөнүн мыкты сапатын көргөзүүбүз зарыл” деди премьер-министр.

Ошондой эле бүгүн Темир Сариев Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылында крахмалды иштетүүчү заводдун ачылыш аземине катышып, жергиликтүү тургундар менен жолукту. (RK)

XS
SM
MD
LG