Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Казакстандын мурдагы өкмөт башчысы 10 жылга кесилди


Серик Ахметов ортодо өкүмдү угуп турат
Серик Ахметов ортодо өкүмдү угуп турат

Казакстандын мурдагы премьер-министри Серик Ахметов 10 жылга эркинен ажыратууга, мүлкүн конфискациялоого өкүм кылынды. Андан тышкары 5 жыл мамлекеттик кызматты ээлөөгө тыюу салынды. Экс-премьерди сот залынан кармап кетишти. Ал эми Караганда облусунун мурдагы акими Бауржан Абдишев беш жылга түрмөгө кесилди.

Облустун кылмыш иштери боюнча сотунда 11-декабрда коррупция боюнча чуулгандуу иш каралган. Айыпталган 21 кишинин бардыгы карагандалык жогорку аткаминерлер жана бизнесмендер болчу. Алардын алтоонон башкасы өздөрүнө коюлган күнөөнү четке кагышты. 9-декабрда Ахметов акыркы сөзүн сүйлөп, “насаатчысы” жана “устаты” деп атаган президент Нурсултан Назарбаевден “ишенимин актабагандыгы үчүн” кечирим сурады. Абдишев да кечирим сурап, өзүн “Назарбаевдин жоокери болгонун жана ошол бойдон кала бергенин” айтты.

Сот процесси дээрлик төрт айга созулду. Буга чейин Ахметов үй камагында кармалып келген.

XS
SM
MD
LG