Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупциялык схемалар аныкталды


Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпитал дары-дармектер үчүн жарыяланган тендерде өлкө бюджетине 5 млн. сом зыян алып келгени аныкталган.

Маалыматка ылайык, госпитал дары-дармек сатып алууга 49 млн. сомдук тендер жарыялап, андан төртөө жеңүүчү болгон. Ал дарылардын бардыгы "Цефтриаксон" деген аталышта экени, бирдей антибактериалдык топко кирери жана бирдей натыйжа берери экспертизада аныкталган. Дарынын баасы документте кымбат көрсөтүлгөн. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Мындан сырткары прокуратура ушундай эле факты боюнча жети кылмыш ишин козгогон. Андагы зыяндын көлөмү 22 млн. сомду түзөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG