Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 01:27

Нарын: Бирлик айылында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды


Нарын облустук казыяттын басма сөз кызматы маалымдагандай, Ат-Башы районунун Бирлик айылында спирт ичимдигин сатууга тыюу салынды.

Бул демилгени айыл башчы менен жаштар көтөрүп чыгышкан. Бул үчүн айылдагы дүкөндөргө демилгелүү жаштар түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Мунун натыйжасында облус казысы Мамбетасан Ибраев дүкөн ээлерине казыяттын атынын ыраазычылык каттарын тапшырып кайтты. Аталган айылда 270 түтүн эле жашайт жана райондун борборунан 14 чакырым алыс жайгашкан.(MiK)

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG