Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Атамбаев: алдыда улуттук адабиятты өнүктүрүү милдети турат


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин Улуттук адабият күнүнө карата жасаган кайрылуусунда белгиленген. Мамлекет башчы соңку кездерде руханий дөөлөттөрдү терең изилдеп, өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүнө баштаганын, эми алдыда көркөм адабиятты өнүктүрүү, китеп өндүрүшүн жакшы жолго коюу милдеттери турганын айткан.

- Дүйнө оомал-төкмөл болуп, айрыкча интернет күч алган мезгилде улуттук адабияттын алдында көп милдеттер турат. Жазуучуларыбыз жалпы журтка чындыкты жеткирип, элдин үмүтүн, тилегин терең чагылдырып, жакшылыкка, жаратмандыкка жана өнүгүүгө шыктандырып турууга тийиш. Биз жаңы таланттарды, элибиздин демине дем кошуп, сыймыгыбызды арттырган жаңы чыгармаларды күтөбүз, - деп жазылган президенттин кайрылуусунда.

Кыргыз өкмөтү Чыңгыз Айтматов жана Алыкул Осмонов сыяктуу ири өкүлдөрүн эскерип, улуттук адабиятты сактап, өнүктүрүп жана даңазалоо максатында 2011-жылы 12-декабрды Улуттук адабият күнү деп жарыялоо чечимин кабыл алган.

12-декабрь маркум улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Ал 2008-жылы 10-июнда оорудан көз жумган. Ал эми Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта жарык дүйнөгө келип, 1950-жылы 12-декабрда 35 жашында каза болгон. Бул күнгө карата Бишкекте бир катар иш-чаралар уюштурулду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG