Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:46

Атамбаев Орусия менен Түркияны жарашууга чакырды


Президент Алмазбек Атамбаев Түркмөнстанда өтүп жаткан Нейтралитет саясаты: тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн эл аралык кызматташуу” эл аралык конференциясында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчы өзүнөн мурда сүйлөгөн Беларус президенти Александр Лукашенконун айткандарын кубаттап, Түркия менен Орусияны жарашууга чакырды. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, Атамбаев эки өлкөнү өнөктөштүк, кошуналык жана достук жылуу мамилелерди калыбына келтирүүгө үндөдү.

Эл аралык конференциянын ачылыш аземи аяктагандан кийин президент Алмазбек Атамбаев расмий визит менен Кувейт мамлекетине жөнөйт.

Орусия учактын атып түшүрүлүшүнө байланыштуу 25-ноябрдан тарта Түркия менен болгон байланыштарын үзө баштаган. Бирок Орусиянын союздаштары Кыргызстан, Казакстан жана Беларустун Түркия менен болгон соода-экономикалык байланыштары туурасында маселе талкуулана элек болчу.(КЕ)

XS
SM
MD
LG