Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Сауд Арабияда алгачкы жолу аял депутат шайланды


Сауд Арабияда өткөн шайлоодогу талапкер аял
Сауд Арабияда өткөн шайлоодогу талапкер аял

Биринчи жолу Сауд Арабияда муниципалдык кеңешке аял киши депутат болуп шайланды. Королдуктун шайлоо комиссиясы ишемби күнү өткөн шайлоонун жыйынтыгында Салма бинт Хизаб аль-Отейби Мекке провинциясында мандат алганын билдирди. Бул Сауд Арабиянын тарыхында аялдар добуш берген жана талапкер катары катышкан биринчи саясий жараян. Шайлоонун толук жыйынтыгы бүгүн кечинде жарыяланат.

Жалпы 6 миңге жакын талапкердин ичинен 978и аялдар болгон. Бул аймактын эрежелерине ылайык, үгүт кампаниясында аял талапкер эркек шайлоочулары менен түзмө-түз жолугуша албайт, алардын иш-пландарын элге эркек өкүлдөрү алып чыгышы керек.

Сауд Арабияда шайлоо чанда гана болот. Бул Сауд Арабиянын тарыхындагы үчүнчү шайлоо. 1965-жылдан 2005-жылга чейин ал жакта бир да шайлоо болгон эмес. Ал эми аялдарды шайлоого катыштырууга маркум падыша Абдалла 2011-жылы уруксат берген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG