Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:27

Кыргызстан менен Кувейт бир катар макулдашууларга кол койду


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Кувейттин эмири, шейх Сабах-Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль-Сабах. Кувейт, 13-декабрь, 2015-жыл
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Кувейттин эмири, шейх Сабах-Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль-Сабах. Кувейт, 13-декабрь, 2015-жыл

Бүгүн Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев расмий сапарынын алкагында Кувейттин эмири, шейх Сабах-Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль-Сабах менен жолугушту. Кувейттин мамлекет башчысы келерки жылы Кыргызстанга келүү ниетин билдирип, кыргызстандыктарга бакубат турмуш жана өлкөнүн өнүгүп-өсүшүн каалады. Жолугушууда тараптар кыргыз-кувейт кызматташтыгын кеңейтүүгө кызыктар экенин билдиришти. Өз кезегинде эмир түрдүү тармактар боюнча министрлердин деңгээлинде талкууларды өткөрүүнү сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан-Кувейт өкмөттөрүнүн ортосунда кирешеге жана капиталга кош салык салуудан качуу жана салык салуудан четтөөнү болтурбоо, экономикалык жана техникалык кызматташтык, аба катнашы, инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо, дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлерин Кувейт мамлекетинин визалык талаптарынан бошотуу жөнүндө макулдашууларга кол коюлду.

Мындан сырткары эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Ушул эле күнү президент Атамбаев Кувейттин премьер-министри, биринчи-вице-премьер-министри, Улуттук Ассамблеясынын төрагасы менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулады. Атамбаев баштаган делегация Кувейтке 12-декабрда Түркмөнстанда эл аралык конференцияга катышкандан кийин барган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG