“Балдарды коргоо лигасы” Кыргызстанда дайынсыз жоголгон жеткинчектерди издөө борборлорун ачуу зарылдыгын кайрадан көтөрүүдө. Эки жыл мурун аталган уюм өкмөткө бул сунушту киргизип, бирок ишке ашпай калган. Өткөн жумада Бишкекте жети жаштагы бала жоголуп, сөөгү табылгандан соң маселе кайра көтөрүлүүдө.
Азыр бейөкмөт мекемелер эл аралык уюмдардын колдоосу менен Кыргызстандын беш жеринде ушундай борбор ачканын "Балдарды коргоо лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди.
- ЮНИСЕФтин жана Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен Бишкекте, Түптө, Караколдо жана Таласта ушундай борборлорду иштете баштадык. Кадамжайда жергиликтүү депутаттардын жардамы менен ачканга жетиштик. Андай борборлордун ишин улантып кетүү - жергиликтүү бийликтердин милдети.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери балдарга каршы жасалган 755 кылмыш иши катталды. Ондон ашуун жеткинчек дайынсыз жоголуп, айрымдары аман-эсен, кээ бирлеринин сөөгү табылган.
Учурда "Балдарды коргоо лигасында" 111 ыкчам телефон номуру иштейт. (SE)