Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

Теолог Кадыр Маликов ооруканадан чыкты


Бул тууралуу Маликов "Азаттыкка" бүгүн билдирди. Ал 26-ноябрдагы өмүрүнө кол салуудан кийин Бишкектеги №4 ооруканага жаткырылган. Кол салуу учурунда мээси да чайкалгандыктан Маликов учурда Бишкектеги ооруканалардын биринде профилактикалык дарылануудан өтүп жатканын да белгиледи. Кадыр Маликовго кол салды деп шектелип, Түркияда кармалган Кыргызстандын эки жаранын кайтаруу боюнча иштер уланып жатканын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Кыргызстандын эки жараны Түркиянын Газиантеп шаарында Сирияга өтүп бараткан мезгилде кармалганы 30-ноябрда кабарланган. Алар "Ислам мамлекети" тобунун тарапкерлери экенин УКМК маалымдаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG