Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:11

Сауд Арабияда аялдарга жергиликтүү кеңештерде 19 орун тийди


Шайлоодогу аял талапкер. Сауд Арабия
Шайлоодогу аял талапкер. Сауд Арабия

Сауд Арабиядагы шайлоонун алдын ала жыйынтыктары көргөзгөндөй, кеминде 19 талапкер-аял жергиликтүү кеңештерге депутат болду. 12-декабрдагы тарыхый шайлоодо саудиялык аялдар биринчи жолу шайлоого талапкер катары катышып, добуш да бере алышты. Мандатка жетишкен аялзат өкүлдөрү Мекенин жанындагы чакан айыл-кыштактардан баштап чоң шаарларга чейинки өлкөнүн ар кайсы чөлкөмдөрүнөн жарышка чыкканы белгиленүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 1 350 000 эркек шайлоочулардын 44 проценти добуш берди, ал эми шайлоого катталган 130 миң аялдын 82 проценти өз эркин билдирген.

Аял талапкерлер чоң ийгиликке жетише албаса да, мындай жыйынтык ири кадам катары бааланууда.

XS
SM
MD
LG