Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Чехия ирактык христиандарды кабыл алат


Чехиядагы мигранттар.
Чехиядагы мигранттар.

Чехия өкмөтү “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун зомбулугунан качкан ирактык 37 христиан үй-бүлөсүн кабыл алуу боюнча чечим чыгарды. 2016-жылдын январынан апрелге чейин жалпысынан 153 адам келет. Премьер-министр Богуслав Суботка аларды “христиан азчылыгынын өкүлдөрү” деп атап, аябай оор кырдаалда Чехиядан жардам сурап кайрылганын билдирди.

Башкалка издеген христиандар азыр Күртстанда жана Ливанда жашап жатышат.

Өткөн жумада Словакияга Сириядан христиан динин карманган 149 качкын келген. (SE)

XS
SM
MD
LG