Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

Өзбек өкмөтү спирт ичимдиктеринин баасын көтөрдү


2016-жылдын 1-январынын тарта Өзбекстанда сырадан башка алкоголдук ичимдиктердин баасы кымбаттайт. Бул тууралуу жергиликтүү булактар кабарлайт. Каржы министрлиги менен салык комитетинин 3-декабрда кабыл алган чечими боюнча, баалар 15 пайыздан 25 пайызга чейин өсөт.

Шараптын орточо дүң баасы азыр 3800 сумдун тегерегинде болсо, жаңы жылдан кийин 5400 сумга чейин өсөт. Арактын орточо баасы мурдагыдай 9000 эмес, 10500 сумга чыгат. Коньяк эми дүкөндөрдө 13400 сум эмес, 16700 сум турат.

1 АКШ доллары 3000 сумдун тегерегинде. (SE\AKu)

XS
SM
MD
LG