Адам укугуна арналган “Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалынын тогузунчу айлампасы 14-декабрда жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды. Быйыл фестивалга аялдар жана балдар укугуна арналган 22 тасма катышты. Анын 18ин чет элдик, төрт тасманы жергиликтүү режиссерлор тарткан.