Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:17

Рублдин куну рекорддук минимумга чейин түштү


Москва, 15-декабрь
Москва, 15-декабрь

Орусиянын Борбордук банкы 16-декабрга карата бир АКШ долларынын наркын 70 рубль 82 тыйындын тегерегинде деп аныктады. Бир күндүн аралыгында Орусияда доллардын курсу 60 тыйынга көтөрүлгөн. Рублдин наркынын төмөндөшү мунайдын дүйнөлүк баасынын кескин арзандашы менен байланыштырылууда. Бул 1998-жылкы каржылык кризистен кийин биринчи жолу кайталанган валюталык рыноктогу абал экенин Орусиядагы финансы аналитиктери белгилешүүдө.

Мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн эл аралык уюму кара май өндүрүүнү кыскартуу боюнча макулдаша албагандан кийин соңку бир жумадан бери мунайдын баасы кескин түшүп кеткен. Лондон биржасында 15-декабрга карата брент үлгүсүндөгү мунайдын бир баррели 38,37 долларды түздү.

XS
SM
MD
LG