Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Пентагон Ооганстандагы коопсуздукка кабатыр


Пентагон АКШнын Конгрессине жөнөткөн баяндамасында 2015-жылдын экинчи жарымында Ооганстандагы коопсуздуктун деңгээли кескин начарлап кеткенин билдирди. Анда Ооганстанда талибан согушкерлери жанданып, алардын чабуулдарынан жабыркагандар көбөйгөнү белгиленген.

15-декабрь күнү жарыяланган бул баяндамада Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү согушкерлердин чабуулдарынын мизин натыйжалуу кайтарганына карабастан, террордук актылардын курмандыктары көп болуп жатканы көрсөтүлгөн. Террордук чабуулдардын курмандыктары жана жабырлануучулары былтыркы ушул учурга караганда 27 пайызга көбөйгөнү айтылды.

АКШнын жана НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнүн кол башчысы генерал Жон Кэмпбелл “Ислам мамлекети” террордук тобуна лоялдуу караган ооган жоочуларынын саны былтыркыга салыштырмалуу бир кыйла өскөнүн билдирди. Кэпмбелл “Ислам мамлекети” тобунун жактоочулары Ооганстандын чыгышындагы Жалал-Абад шаарында аймактык базасын түптөп, аны Сириядагы жана Ирактагы согушкерлер менен бириктирүүгө аракеттенип жатканын айтты.

XS
SM
MD
LG