Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:02

Париждеги Кристмас жармаңкесине кыргыздар да катышууда

Париждеги жармаңкеге чыгарылган кыргыздын улуттук кийим-кече, буюмдары.
Париждеги жармаңкеге чыгарылган кыргыздын улуттук кийим-кече, буюмдары.

Кристмас майрамына карата Франция баш калаасында өтүп жаткан маданий жармаңкеге “Француз-кыргыз маданий-достук ассоциациясы” да катышууда. Аталган уюмдун жетекчиси Инфира Осмонд “Азаттыкка” билдиргендей, жармаңкеге түрдүү этностордун улуттук буюмдары коюлган. Кыргызстандыктар кийизден жасалган кийим-кечээ жана көргөзмөлүү оюнчуктарды алып чыгышкан.

12-декабрда башталган иш-чара 23-декабрга чейин уланат. Кыргызстандын Белгиядагы элчиси Асейин Исаев жармаңкенин жүрүшү менен таанышып кетти. 

Францияда жүзгө жакын кыргызстандык билим алып, иштеп жүрөт. (SE)

 

XS
SM
MD
LG